ЛЕНИН МАВЗОЛЕЙИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕНИН МАВЗОЛЕЙИ - В. И. Лениндин табыт­тагы сөөгү (1924-ж. 27-январь) коюлган эстелик күмбөз. Кызыл аянтта жайгашкан. 1924-ж. 26- январда Советтердин 2-съездинин аза күтүү жыйынында мавзолей куруу жөнүндө СССР БАК­тын чечиминде бекитилип, 27-январга караган түнү убактылуу жыгач мавзолей (долбоору арх. А. В. Щусевдики) тургузулган да, 1-августта көпчүлүк үчүн ачылган. 1929-ж. жол башчынын сөөгүн узакка сактоо мүмкүн экендиги анык­талып, жыгач мавзолейди таш менен (арх. Щу­сев, И. А. Француз, Г. К. Яковлев) алмашты­рууга чечим кабыл алынган. Л. менен курууга

Кызыл аянттагы Лениндин мавзолейи. 1924-30. Арх. А. В. Щуссев. Москва.

мрамор, гранит, лабрадорит жана габронорит колдонулган. Салмагы 60 т чулу лабрадорго «ЛЕНИН» деп жазылган. Л. м. 1931-ж. куру­луп бүткөн. Мавзолейдин эки жагына трибуна (арх. И. А. Француз) тургузулган. 1945-ж. борбордук трибуна (А. В. Щусев) курулуп, 1973-ж. жаңы табыт (скульптор Н. В. Томский) жасалган. 1990-ж-га чейин Л. м. мамлекеттик салтанаттарда (де­монстрация, митинг, аскер парады ж. б.) өк­мөт трибунасынын милдетин аткарган. 1924-ж. 26-январда Москва гарнизонунун начальниги­нин буйругу менен Л. менене Ардактуу кароол уюш­турулуп, СССР кулагандан кийин алынып са­лынган (1993). Азыркы учурда да каалагандар Ленинди көрө алышат.