ЛИМА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛИМА - Перу Респ-нын борбору. Лима департаментинин администрациялык борбору. Тынч океандын жээгинде, Римак д-нын боюнда, Анд тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 7,4 миллион (2010; шаар айланасы менен борбордук агломерациясын түзөт; калкы 8,3 миллион). Өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий башкы шаары. Л. аркылуу Панамерика шоссе жолу өтөт. Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Жогорку ылдамдыктагы автобус системасы түзүлүүдө. 1535-ж. испандар тарабынан
негизделип, алгач Сьюдад-де-лос-Рейес («королдор шаары») деп аталган. 1821-ж. чейин Перу вице-королдугунун, 1821-жылдын 28-июлунан Перу Респ-нын борбору. Машина куруу, тамакаш (балык кармалып, беленделет), текстиль, нефть ажыратуу, нефть-химиялык, металл иштетүү, түстүү металлургия, эмерек, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары иштейт. Фармацевтика (350дөн ашык тармактык ишканалары бар) өнүккөн. Л-да алдынкы улуттук банктардын, компаниялардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн штаб-квартиралары жайгашкан. Университеттер, музейлер (анын ичинде археол., Перу искусствосунун маданияты, улуттук антропология жана этногр. ж. б.), китепканалар, театрлар, улуттук консерватория, симфониялык оркестр, ак сарайлар, чиркөөлөр, монастырлар (16-18-к.) бар. Эл аралык көргөзмө-ярмаркалар, бизнес-конференциялар ж. б. иш-чаралар өткөрүлүп турат.
