ЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска

ЛИ Брюс (27. 11. 1940, Сан-Франциско - 20. 7. 1973, Гонконг) - америкалык жана гонкгонгдук спорт­чу, киноактёр, продюсер, сценарист. Чыгыш

жекеме-жеке кармашынын чебери, өзүнүн «Джит Кун-до» стилин негиздеген. 13 жашы­нан тарта винчунь (бир эле учурда коргонууну, кол салууну камтыган) стилинин чебери Ип Ман­дын мектебинен билим ала баштайт. Жыйын­тыгында Л. бокс, дзюдо, жиу-жицу, кунфу стил­дерин өздөштүрүп чыккан. Сиэтлдеги Эдисон техникалык мектебин аяктап, Вашингтон университетине тапшыр­ган. 1960-жылдары телекөрсөтүүлөргө жана кино тасмаларына активдүү тартыла баштаган. Жал­пысынан 36 кинодо роль жараткан («Болыпой босс», «Кулак ярости» ж. б.).