ИНЖЕНЕРДИК ГЕОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНЖЕНЕРДИК ГЕОЛО́ГИЯ</b> – геологиянын има­раттарды | <b type='title'>ИНЖЕНЕРДИК ГЕОЛО́ГИЯ</b> – геологиянын има­раттарды жана түрдүү курулуштарды (жол, көпүрө, канал, суу сактагыч ж. б.) куруу иште­рин изилдей турган тармагы. Жердин үстүңкү кыртышынын геологиялык шарттарын – кыртыштын сапатын, гидрогеологиялык абалын, рельефин, сейсм кыймылдардын таасирин, тоо тектердин кура­мын, түзүлүшүн, текстурасын жана физикалык-механикалык ка­сиеттерин изилдөө; курулуш менен табияттын бири-бирине тийгизген таасиринен келип чык­кан процесстер менен кубулуштарды болжолдоо жана алардын зыяндуулугуна каршы чараларды иштеп чыгуу. Инженердик геология курулуш башталардын ал­дында имарат ж. б. тургузулуучу жердин таби­гый геологиялык шарттарын, курулушту тургузуу жана аларды пайдалануу учурунда тоо тектерде болуу­чу өзгөрүүлөрдү изилдейт. Азыркы мезгилде бир да курулуш инженердик геологиялык изилдөөсүз башталбайт. Инженердик геология изилдөөлөрдүн натыйжасында курулуш­тарды жайгаштыруунун эң ыңгайлуу жерин, алардын ишенимдүү конструкциялык материалдарын жана жумуштарды жүргүзүү жолдорун аныктайт. Инженердик геология бир нече атайын тармактарга бөлүнөт: <i>кыртыш таануу</i> (грунтоведение) – тоо тектери менен кыртышты, инженердик курулуштарды тургузуу­чу жайды, табигый курулуш материалын чөйрө катары изилдейт; <i>кыртыш механикасы</i> – кыр­тыштын туруктуулугун, бекемдигин изилдейт; геологиялык процесстерди изилдөө – инженердик геодинами­ка, аймактык инженердик геология; атайын – курулуш, жол, аскердик инженердик геология; жер астындагы суулардын ку­рулушка тийгизген таасирин инженердик гидрогеоло­гия изилдейт. Кийинки мезгилде тоң таануу, лёсс таануу, деңиз инженердик геологиясы, инженердик <i>сейсмология</i> сыяктуу тармактары чоң мааниге ээ болууда. Инженердик геология гидрогеология, геокриология, нефть геоло­гиясы сыяктуу илимдер менен тыгыз байланыш­туу. Инженердик геология өзүнүн изилдөөлөрүндө геология, геофизика жана физика менен химиянын ыкмаларын кеңири колдонот. 1968-жылы Прагада болгон эл аралык геологиялык конгресстин 23-сессиясында инженер-гео­логдордун эл аралык ассоциациясы уюштурул­ган. Кыргызстанда инженердик геологиялык изилдөөлөрдү КР УИАнын геология институтундагы гидрогеология жана инженердик геология бөлүмү, ошондой эле КР мамлекеттик долбоорлоо институттары ишке ашырат. | ||
Ад.: <i>Маслов Н. Н., Котлов М. Ф.</i> Инженерная гео­логия. М., 1971. | Ад.: <i>Маслов Н. Н., Котлов М. Ф.</i> Инженерная гео­логия. М., 1971. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
08:18, 24 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
ИНЖЕНЕРДИК ГЕОЛО́ГИЯ – геологиянын имараттарды жана түрдүү курулуштарды (жол, көпүрө, канал, суу сактагыч ж. б.) куруу иштерин изилдей турган тармагы. Жердин үстүңкү кыртышынын геологиялык шарттарын – кыртыштын сапатын, гидрогеологиялык абалын, рельефин, сейсм кыймылдардын таасирин, тоо тектердин курамын, түзүлүшүн, текстурасын жана физикалык-механикалык касиеттерин изилдөө; курулуш менен табияттын бири-бирине тийгизген таасиринен келип чыккан процесстер менен кубулуштарды болжолдоо жана алардын зыяндуулугуна каршы чараларды иштеп чыгуу. Инженердик геология курулуш башталардын алдында имарат ж. б. тургузулуучу жердин табигый геологиялык шарттарын, курулушту тургузуу жана аларды пайдалануу учурунда тоо тектерде болуучу өзгөрүүлөрдү изилдейт. Азыркы мезгилде бир да курулуш инженердик геологиялык изилдөөсүз башталбайт. Инженердик геология изилдөөлөрдүн натыйжасында курулуштарды жайгаштыруунун эң ыңгайлуу жерин, алардын ишенимдүү конструкциялык материалдарын жана жумуштарды жүргүзүү жолдорун аныктайт. Инженердик геология бир нече атайын тармактарга бөлүнөт: кыртыш таануу (грунтоведение) – тоо тектери менен кыртышты, инженердик курулуштарды тургузуучу жайды, табигый курулуш материалын чөйрө катары изилдейт; кыртыш механикасы – кыртыштын туруктуулугун, бекемдигин изилдейт; геологиялык процесстерди изилдөө – инженердик геодинамика, аймактык инженердик геология; атайын – курулуш, жол, аскердик инженердик геология; жер астындагы суулардын курулушка тийгизген таасирин инженердик гидрогеология изилдейт. Кийинки мезгилде тоң таануу, лёсс таануу, деңиз инженердик геологиясы, инженердик сейсмология сыяктуу тармактары чоң мааниге ээ болууда. Инженердик геология гидрогеология, геокриология, нефть геологиясы сыяктуу илимдер менен тыгыз байланыштуу. Инженердик геология өзүнүн изилдөөлөрүндө геология, геофизика жана физика менен химиянын ыкмаларын кеңири колдонот. 1968-жылы Прагада болгон эл аралык геологиялык конгресстин 23-сессиясында инженер-геологдордун эл аралык ассоциациясы уюштурулган. Кыргызстанда инженердик геологиялык изилдөөлөрдү КР УИАнын геология институтундагы гидрогеология жана инженердик геология бөлүмү, ошондой эле КР мамлекеттик долбоорлоо институттары ишке ашырат.
Ад.: Маслов Н. Н., Котлов М. Ф. Инженерная геология. М., 1971.