ИНЖЕНЕРДИК ГЕОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНЖЕНЕРДИК ГЕОЛО́ГИЯ – геологиянын има­раттарды жана түрдүү курулуштарды (жол, көпүрө, канал, суу сактагыч ж. б.) куруу иште­рин изилдей турган тармагы. Жердин үстүңкү кыртышынын геологиялык шарттарын – кыртыштын сапатын, гидрогеологиялык абалын, рельефин, сейсм кыймылдардын таасирин, тоо тектердин кура­мын, түзүлүшүн, текстурасын жана физикалык-механикалык ка­сиеттерин изилдөө; курулуш менен табияттын бири-бирине тийгизген таасиринен келип чык­кан процесстер менен кубулуштарды болжолдоо жана алардын зыяндуулугуна каршы чараларды иштеп чыгуу. Инженердик геология курулуш башталардын ал­дында имарат ж. б. тургузулуучу жердин таби­гый геологиялык шарттарын, курулушту тургузуу жана аларды пайдалануу учурунда тоо тектерде болуу­чу өзгөрүүлөрдү изилдейт. Азыркы мезгилде бир да курулуш инженердик геологиялык изилдөөсүз башталбайт. Инженердик геология изилдөөлөрдүн натыйжасында курулуш­тарды жайгаштыруунун эң ыңгайлуу жерин, алардын ишенимдүү конструкциялык материалдарын жана жумуштарды жүргүзүү жолдорун аныктайт. Инженердик геология бир нече атайын тармактарга бөлүнөт: кыртыш таануу (грунтоведение) – тоо тектери менен кыртышты, инженердик курулуштарды тургузуу­чу жайды, табигый курулуш материалын чөйрө катары изилдейт; кыртыш механикасы – кыр­тыштын туруктуулугун, бекемдигин изилдейт; геологиялык процесстерди изилдөө – инженердик геодинами­ка, аймактык инженердик геология; атайын – курулуш, жол, аскердик инженердик геология; жер астындагы суулардын ку­рулушка тийгизген таасирин инженердик гидрогеоло­гия изилдейт. Кийинки мезгилде тоң таануу, лёсс таануу, деңиз инженердик геологиясы, инженердик сейсмология сыяктуу тармактары чоң мааниге ээ болууда. Инженердик геология гидрогеология, геокриология, нефть геоло­гиясы сыяктуу илимдер менен тыгыз байланыш­туу. Инженердик геология өзүнүн изилдөөлөрүндө геология, геофизика жана физика менен химиянын ыкмаларын кеңири колдонот. 1968-жылы Прагада болгон эл аралык геологиялык конгресстин 23-сессиясында инженер-гео­логдордун эл аралык ассоциациясы уюштурул­ган. Кыргызстанда инженердик геологиялык изилдөөлөрдү КР УИАнын геология институтундагы гидрогеология жана инженердик геология бөлүмү, ошондой эле КР мамлекеттик долбоорлоо институттары ишке ашырат.


Ад.: Маслов Н. Н., Котлов М. Ф. Инженерная гео­логия. М., 1971.