КОШ-ДӨБӨ (Ноокат районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

11 июнь 2026, саат 05:27 учурдагы соңку нуска

КОШ-ДӨБӨ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Кулатов атындагы айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 1340 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 45 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 17 км. Кал­кы 1218 (2022); негизинен дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана бар.