КОШ-ДӨБӨ (Ноокат районундагы кыштак)
(КОШ-ДӨБӨ 1 барагынан багытталды)
КОШ-ДӨБӨ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Кулатов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1340 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 45 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 17 км. Калкы 1218 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана бар.