КОРЕЙЛЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРЕЙЛЕР</b> [өздөрүн Корей | <b type='title'>КОРЕЙЛЕР</b> [өздөрүн Корей Республикасында хангук-са­рам, Корей Элдик Демократия Республикасында (КЭДР) ч о с о н - с а р а м деп аташат) – эл, Корея Респ­убликасынын (46,9 млн) ж-а КЭДРдин (23,7 млн) негизги калкы. Жалпы саны 78 млн киши, анын ичинде Кытай­да 1,9 млн, Японияда 700 миң, АКШда 1,5 млн, Өзбекстанда 250 миң, РФте 148,6 миң, Казак­станда 99,7 миң, Кыргызстанда 19 миң, Тажикстан­да 14 миң (2008). Корей тилинде сүйлөшөт. Чы­гыш Азиядагы байыркы элдердин тукумдары­нан. Корейлердин этностук негизин палеоазиат, про­тоалтай ж-а австронезия уруулары түзгөн. 10– | ||
ч о с о н - с а р а м деп аташат) – эл, Корея Респ­ | |||
Өзбекстанда 250 миң, РФте 148,6 миң, Казак­станда 99,7 миң, | |||
[[File:КОРЕЙЛЕР39.png | thumb | none]]14- | [[File:КОРЕЙЛЕР39.png | thumb | none]]14-кылымдарда эл болуп калыптанган. Корейлер дыйканчы­лык, мал чарбачылык, жибекчилик ж-а балык кармоочулук м-н кесиптенип, дубалы жыгач­тан салынып, ылай м-н шыбалган үйлөрдө жа­шашкан. Үйдүн ичи корей тибинде салынган он­доль (мештин мору полдун алдына салынган­дыктан, жылуу полго укташат ) аркылуу жы­лыйт. Бул систе­ма көп кабаттуу үйлөрдө да колдо­нулат. Эркектери ак түстүү шым, көйнөк, улгайган­дары кышкысын мех чыптама же узун халат (тру­маги), аялдар узун жеңдүү, кыска чыптама (чогори), кенен тигилг ен ыштан ж-а юбка (чхима), ошондой эле европа стилинде кийимдерди ки­йип, кур курчанат. Тамак-ашы негизинен туз­суз, бууга бышкан күрүч, ачуу татымалдар, эт (чочко, кээде ит), балык, туздалган жашыл­чалар. Күрүчтөн жасалган аракты жылытып ичишет. | ||
үйлөрдө да колдо­нулат. Эркектери ак түстүү шым, көйнөк, улгайган­дары кышкысын мех чыптама же узун халат (тру­маги), аялдар узун жеңдүү, кыска | |||
чыптама (чогори), | |||
(чхима), | |||
ичишет. | |||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
02:33, 21 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРЕЙЛЕР [өздөрүн Корей Республикасында хангук-сарам, Корей Элдик Демократия Республикасында (КЭДР) ч о с о н - с а р а м деп аташат) – эл, Корея Республикасынын (46,9 млн) ж-а КЭДРдин (23,7 млн) негизги калкы. Жалпы саны 78 млн киши, анын ичинде Кытайда 1,9 млн, Японияда 700 миң, АКШда 1,5 млн, Өзбекстанда 250 миң, РФте 148,6 миң, Казакстанда 99,7 миң, Кыргызстанда 19 миң, Тажикстанда 14 миң (2008). Корей тилинде сүйлөшөт. Чыгыш Азиядагы байыркы элдердин тукумдарынан. Корейлердин этностук негизин палеоазиат, протоалтай ж-а австронезия уруулары түзгөн. 10–

14-кылымдарда эл болуп калыптанган. Корейлер дыйканчылык, мал чарбачылык, жибекчилик ж-а балык кармоочулук м-н кесиптенип, дубалы жыгачтан салынып, ылай м-н шыбалган үйлөрдө жашашкан. Үйдүн ичи корей тибинде салынган ондоль (мештин мору полдун алдына салынгандыктан, жылуу полго укташат ) аркылуу жылыйт. Бул система көп кабаттуу үйлөрдө да колдонулат. Эркектери ак түстүү шым, көйнөк, улгайгандары кышкысын мех чыптама же узун халат (трумаги), аялдар узун жеңдүү, кыска чыптама (чогори), кенен тигилг ен ыштан ж-а юбка (чхима), ошондой эле европа стилинде кийимдерди кийип, кур курчанат. Тамак-ашы негизинен тузсуз, бууга бышкан күрүч, ачуу татымалдар, эт (чочко, кээде ит), балык, туздалган жашылчалар. Күрүчтөн жасалган аракты жылытып ичишет.