КООМДУК ИНСТИТУТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КООМДУК ИНСТИТУ́Т –</b> адамдар ортосундагы | <b type='title'>КООМДУК ИНСТИТУ́Т –</b> адамдар ортосундагы | ||
ар дайым кайталанып ж-а пайда болуп туруучу мамилелер. | ар дайым кайталанып ж-а пайда болуп туруучу мамилелер. Коомдук институт – иш-аракети конкреттүү коом­дук функцияларды аткарууга багытталган адам­дардын, топтордун, мекемелердин туруктуу топ­тому. Мисалы үй-бүлө, мамлекет, билим берүү, са­ламаттыкты сактоо мекемелери. Коомдук тур­муштун 4 чөйрөсүнүн ар биринин өз институттары бар. Коомдук турмуштун чөйрөлөрү: 1) экономикалык – материалдык өндүрүш процессиндеги мамилелер (өндүрүш, бөлүштүрүү, материалдык байлыкты пайдалануу); экономикалык чөйрөгө тиешелүү институттар: завод, фабрика, банк, базар ж-а фирмалар; 2) социал­дык – ар кыл социалдык ж-а жаш курактагы топтордун ортосундагы мамилелер; социалдык кепилдиктерди камсыздоо боюнча ишмердик. Со­циалдык чөйрөгө караган институттар: коммунал­дык кызматтар, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо системалары, бай­ланыш ишканалары ж. б.; 3) саясий-жарандык коом м-н мамлекет, мамлекет м-н саясий пар­тиялар ортосундагы мамилелер. Саясий систе­мага караштуу институттар: мамлекет, парламент, өкмөт, сот системасы, саясий партиялар; 4) ру­хий – рухий дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, тар­катуу, пайдалануу процессинде пайда болуучу мамилелер. Рухий чөйрөнүн институттары: билим берүү, илим системасынын мекемелери, театр­лар, музейлер. | ||
бар. Коомдук турмуштун чөйрөлөрү: 1) | |||
материалдык өндүрүш процессиндеги мамилелер (өндүрүш, бөлүштүрүү, материалдык байлыкты пайдалануу); | |||
топтордун ортосундагы мамилелер; социалдык кепилдиктерди камсыздоо | |||
өкмөт, сот системасы, саясий партиялар; 4) ру­хий – рухий дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, тар­катуу, пайдалануу процессинде пайда болуучу мамилелер. Рухий чөйрөнүн | |||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
08:02, 31 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КООМДУК ИНСТИТУ́Т – адамдар ортосундагы ар дайым кайталанып ж-а пайда болуп туруучу мамилелер. Коомдук институт – иш-аракети конкреттүү коомдук функцияларды аткарууга багытталган адамдардын, топтордун, мекемелердин туруктуу топтому. Мисалы үй-бүлө, мамлекет, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелери. Коомдук турмуштун 4 чөйрөсүнүн ар биринин өз институттары бар. Коомдук турмуштун чөйрөлөрү: 1) экономикалык – материалдык өндүрүш процессиндеги мамилелер (өндүрүш, бөлүштүрүү, материалдык байлыкты пайдалануу); экономикалык чөйрөгө тиешелүү институттар: завод, фабрика, банк, базар ж-а фирмалар; 2) социалдык – ар кыл социалдык ж-а жаш курактагы топтордун ортосундагы мамилелер; социалдык кепилдиктерди камсыздоо боюнча ишмердик. Социалдык чөйрөгө караган институттар: коммуналдык кызматтар, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо системалары, байланыш ишканалары ж. б.; 3) саясий-жарандык коом м-н мамлекет, мамлекет м-н саясий партиялар ортосундагы мамилелер. Саясий системага караштуу институттар: мамлекет, парламент, өкмөт, сот системасы, саясий партиялар; 4) рухий – рухий дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, таркатуу, пайдалануу процессинде пайда болуучу мамилелер. Рухий чөйрөнүн институттары: билим берүү, илим системасынын мекемелери, театрлар, музейлер.