ЗЕРГЕР ТООСУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗЕРГЕР ТООСУ</b> – Фергана тоо тизмегинин түштүк - батыш тармагы. Зергер | <b type='title'>ЗЕРГЕР ТООСУ</b> – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Зергер жана Доңуз-Суу суулары­нын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 23–25 <i>км</i>ге созулуп жатат. Өзгөн районунун аймагында. Туу­расы 7–8 <i>км.</i> Орточо бийиктиги 1700–2000 <i>м,</i> эң би­йик жери 2186 <i>м.</i> Кыры тайпак, түштүк-батышка акырындап жантаят. Тоо капталдары кыска, анчалык тик эмес, кокту-колоттор кездешет. Түндүк-чыгыш бийик бөлүгү карбон-пермь жана юра мезгилдеринин кумдук, алевролит, сланец, гра­велит, жапызыраак түштүк-батышы бор мезги­линин кызыл түстүү кумдук, конгломерат, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Талаа (1600 <i>м</i>ге че­йин) жана андан жогору шалбаалуу талаа, шал­баалуу жаңгак токою, ландшафт алкактары ба­сымдуу. Жайыт, чөп чабынды; токой чарбасы бар. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:53, 26 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
ЗЕРГЕР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Зергер жана Доңуз-Суу сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 23–25 кмге созулуп жатат. Өзгөн районунун аймагында. Туурасы 7–8 км. Орточо бийиктиги 1700–2000 м, эң бийик жери 2186 м. Кыры тайпак, түштүк-батышка акырындап жантаят. Тоо капталдары кыска, анчалык тик эмес, кокту-колоттор кездешет. Түндүк-чыгыш бийик бөлүгү карбон-пермь жана юра мезгилдеринин кумдук, алевролит, сланец, гравелит, жапызыраак түштүк-батышы бор мезгилинин кызыл түстүү кумдук, конгломерат, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Талаа (1600 мге чейин) жана андан жогору шалбаалуу талаа, шалбаалуу жаңгак токою, ландшафт алкактары басымдуу. Жайыт, чөп чабынды; токой чарбасы бар.