ЗЕРГЕР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕРГЕР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Зергер жана Доңуз-Суу суулары­нын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 23–25 кмге созулуп жатат. Өзгөн районунун аймагында. Туу­расы 7–8 км. Орточо бийиктиги 1700–2000 м, эң би­йик жери 2186 м. Кыры тайпак, түштүк-батышка акырындап жантаят. Тоо капталдары кыска, анчалык тик эмес, кокту-колоттор кездешет. Түндүк-чыгыш бийик бөлүгү карбон-пермь жана юра мезгилдеринин кумдук, алевролит, сланец, гра­велит, жапызыраак түштүк-батышы бор мезги­линин кызыл түстүү кумдук, конгломерат, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Талаа (1600 мге че­йин) жана андан жогору шалбаалуу талаа, шал­баалуу жаңгак токою, ландшафт алкактары ба­сымдуу. Жайыт, чөп чабынды; токой чарбасы бар.