КОЛХИДА ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОЛХИ&#769;ДА ОЙДУҢУ</b> , Р и о н и о й д у ң у Грузиянын батышында. Кара деңиз жээгин (Су&shy;хуми ж-а Кобулети ш-нын аралыгын), Риони ж-а Ингури д-нын төмөнкү агымдарын ээлейт. Батыштан чыгышка 100 <i>км</i> аралыкка созулат.<br>
<b type='title'>КОЛХИ&#769;ДА ОЙДУҢУ</b> , Р и о н и о й д у ң у Грузиянын батышында. Кара деңиз жээгин (Су&shy;хуми ж-а Кобулети шаарларынын аралыгын), Риони ж-а Ингури дарыяларынын төмөнкү агымдарын ээлейт. Батыштан чыгышка 100 <i>км</i> аралыкка созулат. Үстү тегиз, деңизди көздөй жантайыңкы аллю&shy;вий түздүгү. Бийиктиги 150 <i>м</i>ге чейин (чыгышын&shy;да). Минералдуу суу булактары чыгат (Цхолту&shy;бо). Климаты нымдуу субтропиктик; кышы жумшак, жайы ысык; январдын орточо температурасы 4,5–6°С, августтуку 23–24°С. Жаан-чачын жыл мезгили боюнча бир калыпта мол (жылдык орточо өлчөмү 1400–1900 <i>мм</i>) жаайт. Палеостоми көлү бар. Ыраң-дүйүм чөптүү ж-а камыштуу саздак ландшафт басымдуу. Саздак жерлери кургаты&shy;лууда. Реликт болуп эсептелген каңдагач (оль&shy;ха) бадалдары өсөт. Көтөрүңкү жерлерин жазы жалбырактуу (лианалуу) ж-а дайыма жашыл бадалдуу токой ээлейт. Субтропик өсүмдүктөрү (цитрус, чай, тунг ж. б.) өстүрүлөт. Колхида ко&shy;ругу бар. Аймагында 1987-жылы алаамат суу кап&shy;тоо болгон.
Үстү тегиз, деңизди көздөй жантайыңкы аллю&shy;вий түздүгү. Бийикт. 150 <i>м</i>ге чейин (чыгышын&shy;да). Минералдуу суу булактары чыгат (Цхолту&shy;бо). Климаты нымдуу субтропиктик; кышы жумшак, жайы ысык; январдын орт. темп-расы
4,5–6°С, августтуку 23–24°С. Жаан-чачын жыл
мезгили б-ча бир калыпта мол (жылдык орт.
өлчөмү 1400–1900 <i>мм</i>) жаайт. Палеостоми көлү
бар. Ыраң-дүйүм чөптүү ж-а камыштуу саздак ландшафт басымдуу. Саздак жерлери кургаты&shy;лууда. Реликт болуп эсептелген каңдагач (оль&shy;ха) бадалдары өсөт. Көтөрүңкү жерлерин жазы жалбырактуу (лианалуу) ж-а дайыма жашыл бадалдуу токой ээлейт. Субтропик өсүмдүктөрү (цитрус, чай, тунг ж. б.) өстүрүлөт. Колхида ко&shy;ругу бар. Аймагында 1987-ж. алаамат суу кап&shy;тоо болгон.
 


Ад.: Колхидская низменность: природные ус&shy;ловия и социально-экономические аспекты / Под. ред. Г. Г. Сванидзе. Л., 1989.
Ад.: Колхидская низменность: природные ус&shy;ловия и социально-экономические аспекты / Под. ред. Г. Г. Сванидзе. Л., 1989.
[[Категория:4-том, 353-402 бб]]
[[Категория:4-том, 353-402 бб]]

09:00, 23 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОЛХИ́ДА ОЙДУҢУ , Р и о н и о й д у ң у Грузиянын батышында. Кара деңиз жээгин (Су­хуми ж-а Кобулети шаарларынын аралыгын), Риони ж-а Ингури дарыяларынын төмөнкү агымдарын ээлейт. Батыштан чыгышка 100 км аралыкка созулат. Үстү тегиз, деңизди көздөй жантайыңкы аллю­вий түздүгү. Бийиктиги 150 мге чейин (чыгышын­да). Минералдуу суу булактары чыгат (Цхолту­бо). Климаты нымдуу субтропиктик; кышы жумшак, жайы ысык; январдын орточо температурасы 4,5–6°С, августтуку 23–24°С. Жаан-чачын жыл мезгили боюнча бир калыпта мол (жылдык орточо өлчөмү 1400–1900 мм) жаайт. Палеостоми көлү бар. Ыраң-дүйүм чөптүү ж-а камыштуу саздак ландшафт басымдуу. Саздак жерлери кургаты­лууда. Реликт болуп эсептелген каңдагач (оль­ха) бадалдары өсөт. Көтөрүңкү жерлерин жазы жалбырактуу (лианалуу) ж-а дайыма жашыл бадалдуу токой ээлейт. Субтропик өсүмдүктөрү (цитрус, чай, тунг ж. б.) өстүрүлөт. Колхида ко­ругу бар. Аймагында 1987-жылы алаамат суу кап­тоо болгон.

Ад.: Колхидская низменность: природные ус­ловия и социально-экономические аспекты / Под. ред. Г. Г. Сванидзе. Л., 1989.