КОМАНДА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13 декабрь 2025, саат 17:01 учурдагы нуска

КОМА́НДА с п о р т т у к – мелдешке катышуу­чу өлкөнүн, шаардын ж. б. бирдиктүү клуб, коом спортчуларынын тобу. К-нын саны спорт­тун түрү ж-а мелдеш ж-дөгү жобо б-ча аныкта­лат. Ар бир К-да жетекчи болот. Ал К-нын тар­тибине жооп берет, чүчү кулак кармаганга, ка­лыстар коллегиясынын жыйынына катышат. Машыктыргыч түздөн түз К-нын мелдешке даяр­дыгына жоопкер болот. Курама К-да бир нече машыктыргыч (бири негизги) болушу мүмкүн. Ар бир К. ачык добуш м-н өз капитанын шай­лайт, ал таймаштын жүрүшүндө аянттагы оюн­чулардын аракетине жетекчилик кылат. Айрым учурда капитан К-нын өкүлчүлүк милдетин да аткарат.