КОМАНДА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОМА́НДА с п о р т т у к – мелдешке катышуучу өлкөнүн, шаардын ж. б. бирдиктүү клуб, коом спортчуларынын тобу. Команданын саны спорттун түрү ж-а мелдеш жөнүндөгү жобо боюнча аныкталат. Ар бир командада жетекчи болот. Ал команданын тартибине жооп берет, чүчү кулак кармаганга, калыстар коллегиясынын жыйынына катышат. Машыктыргыч түздөн түз команданын мелдешке даярдыгына жоопкер болот. Курама командада бир нече машыктыргыч (бири негизги) болушу мүмкүн. Ар бир команда ачык добуш м-н өз капитанын шайлайт, ал таймаштын жүрүшүндө аянттагы оюнчулардын аракетине жетекчилик кылат. Айрым учурда капитан команданын өкүлчүлүк милдетин да аткарат.