НАРЫН I АКИ ТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРЫН I АКИ ТАШ КЕНИ Жалал-Абад облнун Аксы р-нунда, Нарын д-нын боюнда, деңиз деңг. 760-860 м бийиктикте жайгашкан. 1955-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбондун чөкмө тектери түзөт. Кен ортосун кумдак тоо теги бөлүп турган эки катмардан турат; астынкы катмардын калыңдыгы 60- 80 м, үстүнкүсүнүкү 45-65 м. Аки таш тегинин өңү агыш, бозомтук, саргыч темгилдүү. Арасында доломиттешкен түрлөрү бар. Курамында СаСО. - 95%ке чейин. Суу сиңиримдүүлүгү 0,15-0,32%, нымдануу коэффициенти 0,21-0,85, көлөмдүк салмагы 2,6-2,7. Портланд-цемент, кальций карбидин алууга, курулушта пайдаланууга жарамдуу. Запасы Ц категориясы боюнча 2755 миң т, С, - 3,2 миллион т.