НАРЫН I АКИ ТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН I АКИ ТАШ КЕНИ Жалал-Абад обл­нун Аксы р-нунда, Нарын д-нын боюнда, де­ңиз деңг. 760-860 м бийиктикте жайгашкан. 1955-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен айма­гын карбондун чөкмө тектери түзөт. Кен орто­сун кумдак тоо теги бөлүп турган эки катмар­дан турат; астынкы катмардын калыңдыгы 60- 80 м, үстүнкүсүнүкү 45-65 м. Аки таш тегинин өңү агыш, бозомтук, саргыч темгилдүү. Арасында доломиттешкен түрлөрү бар. Курамында СаСО. - 95%ке чейин. Суу сиңиримдүүлүгү 0,15-0,32%, нымдануу коэффициенти 0,21-0,85, көлөмдүк салмагы 2,6-2,7. Портланд-цемент, кальций кар­бидин алууга, курулушта пайдаланууга жа­рамдуу. Запасы Ц категориясы боюнча 2755 миң т, С, - 3,2 миллион т.