МУЗДАТКЫЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЗДАТКЫЧ - тамак-аш азыктарын муздатуу, тоңдуруу жана төмөнкү температурада сактоого арналган түзүлүш же аппарат. М. төмөнкүдөй принцип менен иштейт. М-тын атайын ичке түтүгүндө ф р е о н суюктугу айланат. Ал ичке түтүктөн чыкканда тез кеңейип, газга айланат, чөйрөдөгү, башкача айтканда М-тын ичиндеги жылуулукту өзүнө сиңирет, ошондо М-тын ичи муздай баштайт. Газ компрессорго өтөт, ал жерде газ кысылып суюктукка айланат. Бул учурда бөлүнгөн жылуулук М-тын арткы капталын ысытат.
Жалпысынан М-тын төмөнкүдөй түрлөрү бар: ө н д ү р ү ш М-ы технол. процессти камсыз кылуу үчүн, ошондой эле чала фабрикат жана даяр азыктарды кыска мөөнөткө (10-20 күн) сактайт; даярдоочу М. сүт, жумуртка жана жемиштерди керектелүүчү жерге жиберүүгө чейин муздатууда жана сактоодо колдонулат; б ө л ү шт ү р ү ү ч ү М-та өндүрүштүк жана даярдоочу М-тан келген күндөлүк жана мезгилдүү азык запастары сакталат; базистик М-та азык запасы азык-түлүк узак мөөнөткө чейин сакталат, транспорт М-ы азыктарды ар түрдүү транспортто төмөнкү температурада ташууда, с о од а М-ы азык-түлүктү соода базарында, дүкөндө, ашканада жана ресторанда кыска мөөнөткө сактоодо колдонулат, тиричилик М-ы тез бузулуучу азыктарды жана даяр тамак-ашты үй шартында аз убакытка сактоодо жана аз көлөмдө муз даярдоодо пайдаланылып, а т а й ы н М. баалуу аң терилерин жана жибек пилласын ж. б. ө. ж. тармактарынын сырьёлорун сактоо үчүн колдонулат. М. бир жана көп камералуу болот. Муздатылган азыктар -1...+1°С, ал эми тондурулганы -18°Сден жогору болбогон температурада сакталат.
