МУЗДАТКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗДАТКЫЧ - тамак-аш азыктарын муздатуу, тоңдуруу жана төмөнкү температурада сактоого ар­налган түзүлүш же аппарат. Муздаткыч төмөнкүдөй принцип менен иштейт. Муздаткычтын атайын ичке түтү­гүндө ф р е о н суюктугу айланат. Ал ичке түтүктөн чыкканда тез кеңейип, газга айланат, чөйрөдөгү, башкача айтканда Муздаткычтын ичиндеги жылуулукту өзүнө сиңирет, ошондо муздаткычтын ичи муздай баш­тайт. Газ компрессорго өтөт, ал жерде газ кы­сылып суюктукка айланат. Бул учурда бөлүнгөн жылуулук муздаткычтын арткы капталын ысытат.

SMWG FT41 BXE муздат­кычы.

Жалпысынан муздаткычтын төмөнкүдөй түрлөрү бар: ө н д ү р ү ш муздаткычы технологиялык процессти камсыз кылуу үчүн, ошондой эле чала фабрикат жана даяр азык­тарды кыска мөөнөткө (10-20 күн) сактайт; даярдоочу муздаткыч сүт, жумуртка жана жемиш­терди керектелүүчү жерге жиберүүгө чейин муз­датууда жана сактоодо колдонулат; б ө л ү ш­т ү р ү ү ч ү муздаткычта өндүрүштүк жана даярдоочу муздаткычтан келген күндөлүк жана мезгилдүү азык за­пастары сакталат; базистик муздаткычта азык запасы азык-түлүк узак мөөнөткө чейин сак­талат, транспорт муздаткычы азыктарды ар түрдүү транспортто төмөнкү температурада ташууда, с о о­ д а муздаткычы азык-түлүктү соода базарында, дүкөндө, ашканада жана ресторанда кыска мөөнөткө сак­тоодо колдонулат, тиричилик муздаткычы тез бузулуучу азыктарды жана даяр тамак-ашты үй шартында аз убакытка сактоодо жана аз көлөмдө муз даярдоодо пайдаланылып, а т а й ы н Муздаткыч баалуу аң терилерин жана жибек пилласын жана башка өнөр жай тармактарынын сырьёлорун сактоо үчүн колдонулат. Муздаткыч бир жана көп камералуу болот. Муздатылган азыктар -1...+1°С, ал эми тонду­рулганы -18°Сден жогору болбогон температурада сакталат.