МУГАЛИМ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МУГАЛИМ МӨҢГҮСҮ - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы төр тибиндеги мөңгү. Ала­Арча суусунун алабында жайгашкан. Уз. 6,2 км, аянты 4,4 клг2, анын бир азы калың морена менен капталган. Башы деңиз деңгээлинен 4840 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4030 м. Адегенде М. м. Ак-Сай мөңгүсүнүн оң курамы болгон; кийин мөңгүнүн чегинишинен өзүнчө мөңгүгө айланган. Азыр эки мөңгүнүн ор­тосунда корум таштар жатат. Фирн облусу

Аламүдүн чокусунун (4895 м) түндүк капталынан башталат. Мөңгүдөн башталган суу Ала-Арча­нын оң куймасы - Ак-Сайга куят.