МУГАЛИМ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУГАЛИМ МӨҢГҮСҮ - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы төр тибиндеги мөңгү. АлаАрча суусунун алабында жайгашкан. Уз. 6,2 км, аянты 4,4 клг2, анын бир азы калың морена менен капталган. Башы деңиз деңгээлинен 4840 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4030 м. Адегенде М. м. Ак-Сай мөңгүсүнүн оң курамы болгон; кийин мөңгүнүн чегинишинен өзүнчө мөңгүгө айланган. Азыр эки мөңгүнүн ортосунда корум таштар жатат. Фирн облусу
Аламүдүн чокусунун (4895 м) түндүк капталынан башталат. Мөңгүдөн башталган суу Ала-Арчанын оң куймасы - Ак-Сайга куят.