МУСОРГСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУСОРГСКИЙ Модест Петрович [9(21). 3. 1839, Псков губ., Карев кыш., азыркы Псков обл., Куньинский р-ну - 16 (28). 3. 1881, Санкт-Пе­тербург] - орус композитору. «Кубаттуу топ-

тун» мүчөсү. 6 жашында фортепианодо ойноого үй­рөнгөн. 1849-ж. Петербург­дагы Петропавловский, 1852-56-ж. Гвардия подпра­порщиктер мектебинде оку­ган. Фортепиано үчүн жаз­ган алгачкы-«Подпрапор­щик» полькасы 1852-ж. жа­рык көргөн. М. 1856-57-ж. А. Даргомыжский, В. Ста­сов, М. Балакирев менен таа­аскердик кызматтан бошоп,

нышкан. 1858-ж.

М. Балакиревдин жетекчилиги менен композиция­ны өздөштүргөн. 1863-66-ж. «Саламбо»

опера­сынын (Г. Флобердин романы боюнча, бүтпөгөн) үстүндө иштеген. 60-жылдары реалист компо­зитор катары калыптанып, Н. А. Некрасов, Т. Г. Шевченко, А. Н. Островскийдин сөзүнө ыр жана романстар жараткан. Ал дүйнөлүк музыка өнөрүнүн тарыхындагы эң көрүнүктүү чыгарма «Ворис Годунов» операсынын (А. С. Пушкин­дин трагедиясына жазган, 1869; 1874-ж. Мария театрында коюлган) жана бир катар вокалдык циклдер, фортепиано үчүн сюита ж. б.чыгарма­лардын автору. Бүтпөгөн «Хованщина» опера­сын Н. Римский-Корсаков, «Сорочинскидеги жармаңке операсын» А. Лядов, Ц. Кюи ж. б. бүтүргөн. «Борис Годунов» операсын Римский­Корсаков (1896), композитор Д. Шостакович (1959) кайра редакциялаган. «Борис Годунов» операсы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрын­да коюлган (1960).

Ад.: Хубов Г. Мусоргский. М., 1969; Фрид Э. Л. М. П. Мусоргский. Проблема творчества. Л., 1981; Головинский Г. Л„ Сабинина М.Д. М. П. Мусоргский. М., 1998.