МУСОРГСКИЙ Модест Петрович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(«МУСОРГСКИЙ‎»‎ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСОРГСКИЙ Модест Петрович [9(21). 3. 1839, Псков губерниясы, Карев кыштагы, азыркы Псков облусу, Куньинский району - 16 (28). 3. 1881, Санкт-Пе­тербург] - орус композитору. «Кубаттуу

топтун» мүчөсү. 6 жашында фортепианодо ойноого үй­рөнгөн. 1849-жылы Петербург­дагы Петропавловский, 1852-1856-жылдары Гвардия подпра­порщиктер мектебинде оку­ган. Фортепиано үчүн жаз­ган алгачкы «Подпрапор­щик» полькасы 1852-жылы жа­рык көргөн. Мусоргский 1856-1857-жылдары А. Даргомыжский, В. Ста­сов, М. Балакирев менен таа­анышкан. 1858-жылы аскердик кызматтан бошоп, М. Балакиревдин жетекчилиги менен композиция­ны өздөштүргөн.

МУСОРГСКИЙ Модест Петрович

1863-1866-жылдары «Саламбо» опера­сынын (Г. Флобердин романы боюнча, бүтпөгөн) үстүндө иштеген.1860-жылдары реалист компо­зитор катары калыптанып, Н. А. Некрасов, Т. Г. Шевченко, А. Н. Островскийдин сөзүнө ыр жана романстар жараткан. Ал дүйнөлүк музыка өнөрүнүн тарыхындагы эң көрүнүктүү чыгарма «Борис Годунов» операсынын (А. С. Пушкин­дин трагедиясына жазган, 1869; 1874-жылдары Мария театрында коюлган) жана бир катар вокалдык циклдер, фортепиано үчүн сюита жана башка чыгарма­лардын автору. Бүтпөгөн «Хованщина» опера­сын Н. Римский-Корсаков, «Сорочинскидеги жармаңке операсын» А. Лядов, Ц. Кюи жана башкаларды бүтүргөн. «Борис Годунов» операсын Римский­-Корсаков (1896), композитор Д. Шостакович (1959) кайра редакциялаган. «Борис Годунов» операсы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрын­да коюлган (1960).

Ад.: Хубов Г. Мусоргский. М., 1969; Фрид Э. Л. М. П. Мусоргский. Проблема творчества. Л., 1981; Головинский Г. Л„ Сабинина М.Д. М. П. Мусоргский. М., 1998.