МУКУРЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МУКУРЛАР (Кпп£1111с1ае) — сайрагыч таранчы­лар түркүмүндөгү куштар тукуму. Көбүнчө кы­зыл же сары майда чымчыктар. Эркеги кооз, жүнү ачык түстө. Уз. 10-20 см. Азыктанышына жараша М-дын тумшуктары ар башка түзүлүш­тө. Алар үч тукумга бөлүнөт. 33 уруусу, 133 түрү бар. Кыргызстанда 20дай түрү кездешет. Көпчүлүгү токой же калың бадал арасында, кээси чөлдө, айрымдары кишинин турак жайына жакын жашайт. М. бийик аскалуу тоого, ачык жерге, бадал түбүнө, даракка уялап, 4-6 чаар жумурт­ка тууп, ургаачысы 10-14 сутка басат.

Көпчүлүгү жылына 1, кээси (мукур, жашыл балта тум­шук, чыкылдак, кендирчи ж. б.) 2 жолу жу­мурткалайт. Уялоо мезгили бүткөндөн кийин топтошуп тиричилик өткөзөт. Көбүнчө өсүмдүк уругун, данын, жемишин жейт. М-дын ичинен а. ч-га (балта тумшук ж. б.), токойго (кайчы тумшук, чор тумшук чымчыктар ж. б.) зыян, ошондой эле отоо чөптөрдү жана зыяндуу курт-кумурс­каны жеп пайда келтирүүчүлөрү бар. 3 түрү, 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.