МУКУРЛАР
МУКУРЛАР (Кпп£1111с1ае) — сайрагыч таранчылар түркүмүндөгү куштар тукуму. Көбүнчө кызыл же сары майда чымчыктар. Эркеги кооз, жүнү ачык түстө. Уз. 10-20 см. Азыктанышына жараша М-дын тумшуктары ар башка түзүлүштө. Алар үч тукумга бөлүнөт. 33 уруусу, 133 түрү бар. Кыргызстанда 20дай түрү кездешет. Көпчүлүгү токой же калың бадал арасында, кээси чөлдө, айрымдары кишинин турак жайына жакын жашайт. М. бийик аскалуу тоого, ачык жерге, бадал түбүнө, даракка уялап, 4-6 чаар жумуртка тууп, ургаачысы 10-14 сутка басат.
Көпчүлүгү жылына 1, кээси (мукур, жашыл балта тумшук, чыкылдак, кендирчи ж. б.) 2 жолу жумурткалайт. Уялоо мезгили бүткөндөн кийин топтошуп тиричилик өткөзөт. Көбүнчө өсүмдүк уругун, данын, жемишин жейт. М-дын ичинен а. ч-га (балта тумшук ж. б.), токойго (кайчы тумшук, чор тумшук чымчыктар ж. б.) зыян, ошондой эле отоо чөптөрдү жана зыяндуу курт-кумурсканы жеп пайда келтирүүчүлөрү бар. 3 түрү, 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.