МАНЧЕСТЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска
МАНЧЕСТЕР (Мапс11ез1ег) - Улуу Британиядагы ири шаар. Англиянын түндүк-батышында, Чоң Манчестер метрополитен графтыгынын курамында (1986-жылдан расмий унитардык түзүлүш). Пеннин тоосунун этегинде, Эруэлл, Медлок жана Эрк дарыясынын кошулушкан жеринде, Мэрси дарыясынын эстуарийинен 60 км аралыкта жайгашкан. Калкы 396,3 миң [2010; Чоң Манчестер конурбациясынын негизин түзүп (2,3 миллион), калкынын саны боюнча өлкөдө Чоң Лондон, Батыш Мидленд конурбацияларынан кийин турат]. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Маанилүү т. ж. түйүнү. Деңиз порту. Шаар 79-жылы ченде рим чеби катары негизделип, 1-2-к-да бир нече жолу кайрадан курулган. 1182-жылдан Ланкашир графтыгынын курамына кирип, андан 1974-жылы чыгып, Чоң Манчестер графтыгына караган. 1838-жылы шаар статусун алган. Дан биржасы (учурда соода борбору), Альберт-сквер аянты (1863), ратуша (1868-77), чиркөөлөр, сүрөт галереясы, Атенеум, музей, китепканалар, университеттер, музыкалык коллеж ж. б. бар. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуулук кылатынча М. - активдүү ишкерликтин ири борбору. Шаарда бОтан ашык банктар, финансы-кредит жана соода ишканалары иштейт, электрон почтасы жана ММКларды басуу боюнча алдынкы орунда. Би-Би-Си корпорациясынын үч таяныч пунктунун (Лондон, Бристолдон кийин) бири. Текстиль, бут кийим, парфюмерия-косметика («Р2 Спззопз» компаниясынын штаб-квартирасы жана өндүрүшү), машина куруу, тамак-аш («ЦпПеуег ВевНюобн» ишканасы чай белендейт; кургатылган жана тоңдурулган продуктулар чыгарылат) ө. ж. ишканалары иштейт. Өлкөдөгү туризмдин (2008-жылы 3,5 миллион киши келген, түшкөн киреше 6 миллиард фунт стерллинг) жана авиакаттамдын (2008-жылы 21,1 миллион жүргүнчү ташылган) Лондондон кийинки 2-борбору. Кеме каттамы (жылына 20 миллион киши) да бар. Мейманкана иши жана ресторан бизнеси өнүккөн.