МАНЧЕСТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНЧЕСТЕР (Мапс11ез1ег) - Улуу Британияда­гы ири шаар. Англиянын түндүк-батышында, Чоң Манчестер метрополитен графтыгынын кура­мында (1986-жылдан расмий унитардык түзү­лүш). Пеннин тоосунун этегинде, Эруэлл, Мед­лок жана Эрк дарыясынын кошулушкан жеринде, Мэр­си дарыясынын эстуарийинен 60 км аралыкта жай­гашкан. Калкы 396,3 миң [2010; Чоң Манчестер конурбациясынын негизин түзүп (2,3 миллион), кал­кынын саны боюнча өлкөдө Чоң Лондон, Батыш Мидленд конурбацияларынан кийин турат]. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Маа­нилүү т. ж. түйүнү. Деңиз порту. Шаар 79-жылы ченде рим чеби катары негизделип, 1-2-к-да бир нече жолу кайрадан курулган. 1182-жылдан Лан­кашир графтыгынын курамына кирип, андан 1974-жылы чыгып, Чоң Манчестер графтыгына ка­раган. 1838-жылы шаар статусун алган. Дан бир­жасы (учурда соода борбору), Альберт-сквер аян­ты (1863), ратуша (1868-77), чиркөөлөр, сүрөт галереясы, Атенеум, музей, китепканалар, университеттер, музыкалык коллеж ж. б. бар. Шаардын эко­номикасында тейлөө чөйрөсү басымдуулук кы­латынча М. - активдүү ишкерликтин ири борбору. Шаарда бОтан ашык банктар, финансы-кредит жана соода ишканалары иштейт, электрон по­чтасы жана ММКларды басуу боюнча алдынкы орун­да. Би-Би-Си корпорациясынын үч таяныч пун­ктунун (Лондон, Бристолдон кийин) бири. Текс­тиль, бут кийим, парфюмерия-косметика («Р2 Спззопз» компаниясынын штаб-квартирасы жана өндүрүшү), машина куруу, тамак-аш («ЦпПеуег ВевНюобн» ишканасы чай белендейт; кургатыл­ган жана тоңдурулган продуктулар чыгарылат) ө. ж. ишканалары иштейт. Өлкөдөгү туризм­дин (2008-жылы 3,5 миллион киши келген, түшкөн ки­реше 6 миллиард фунт стерллинг) жана авиакат­тамдын (2008-жылы 21,1 миллион жүргүнчү ташылган) Лондондон кийинки 2-борбору. Кеме каттамы (жылына 20 миллион киши) да бар. Мейманкана иши жана ресторан бизнеси өнүккөн.