МАНАУС: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАНАУС - Бразилиянын түндүгүндөгү шаар. Амазонас штатынын администрациялык борбору. Калкы 1,9 миллион (2010). Амазонкага Риу-Негру дарыясынын куйган жердеги ири порт (дарыя кемелери келип токтойт; сыртка каучук, бразилия жаңгагын, какао, баалуу жыгачтарды чыгарат). Эл аралык аэропорту бар. Соода борбору. Жыгаччылык, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аштатымал, тамеки ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, География жана Амазония тарыхы институтуту
бар. 1660-жылы негизделген. Ботаникалык бак уюштурулган. Шаар тропик токою менен курчалган.
