МАНАУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНАУС - Бразилиянын түндүгүндөгү шаар. Амазонас штатынын администрациялык борбору. Калкы 1,9 миллион (2010). Амазонкага Риу-Негру дарыясынын куйган жердеги ири порт (дарыя кемелери ке­лип токтойт; сыртка каучук, бразилия жаңга­гын, какао, баалуу жыгачтарды чыгарат). Эл аралык аэропорту бар. Соода борбору. Жыгач­чылык, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш­татымал, тамеки ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, География жана Амазония тарыхы институтуту

Сууну бойлой кеткен Риу-Негру көчөсү.

бар. 1660-жылы негизделген. Ботаникалык бак уюштурул­ган. Шаар тропик токою менен курчалган.