«МАНАС» АЭРОПОРТУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска

«МАНАС» АЭРОПОРТУ - Борбордук Азиядагы мо­дернизацияланган эл аралык аэропорттордун бири, ААК. Бишкек ш-нан анча алыс эмес (23 км) түндүк-батышта деңиз деңгээлинен 637 м бийикте жай­гашкан. Долбоорун «Кыргызгипрокурулуш» дол­боорлоо институтунун коллективи иштеп чыккан. «М.» а. 1973-жылы курула баштап, 1974-жылы пайда­ланууга берилген. 1993-жылы аэропорттун эл ара­лык сектору ишке киргизилип, 2001-жылы «Манас» эл аралык ААК түзүлгөн. Акционерлери: КРдин мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети (79,0533%) жана КРдин социалдык фонду (8,4635%). 2009-жылы «М.» а. эл аралык 1САО уюмунун эки аудити­нен өтүп, «4Е» белгисине ээ болуп, заманбап талаптарга ылайык, учурдагы дизайн менен кай­радан ондолду. Аба транспортунун дээрлик бар­дык түрүн күнү-түнү кабыл алат. Ошондой эле ал эл аралык аэропорттор кеңешинин (АС1 - Аагрог! СоипсП 1п1егпаПопа1) мүчөсү. Саат алкагы: +6.0 СМТ (ИТС); +5/+6. Аэродромунун метеомини­муму 604800 м, перронунун аянты 242000 лг2. «М.» а-нда жүргүнчүлөр үчүн дээрлик бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Аэропортто дүкөн, дарыкана, кафе, гезит-журналдар күркөсү, У1Р жана бизнес залдар, банкоматтар, намазкана ж. б. бар. Жүргүнчүлөр үчүн билеттер биринчи кабат­та жайгашкан авиокомпаниялардын кассала­рында ж. б. жерлерде сатылат. Жүргүнчүлөрдүн жеке автомобилдери үчүн токтоочу жай бар. «М.» а. магистралдык жана бириктирүүчү рулетка

«Манас» аэропорту. Архитекторлор В. Ива­нов, А. Жуманалиев, А. Куделя, инженердик С. Ло­патин.

түрүндөгү жолдорго, жүргүнчүлөр жана жүк пер­ронуна, алдынкы технол. каражаттарга ээ. Учурда аэропорт 16 авиакомпаниянын аба жол каттамдарын ишке ашырат. Аэропорттун Кыргызстанды дүйнөдөгү жүздөгөн өлкөлөр (Россия, Түркия, Улуу Британия, Түштүк Кытай ж. б.) менен каттам аркылуу байланыштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Москва, Стамбул, Үрүмчү, Лондон, Пекин, Дубай, Астана ж. б. шаарларга эл аралык аба каттамдары үзгүлтүксүз иштеп турат. Учурда «М.» а. жүргүнчү жана жүк ташуучу авиакомпа­ниялар менен жакшы алака түзүү максатында ке­лечектүү өнүгүү планын (жаңы учуп-конуу жол­дорун, жүргүнчүлөр терминалын кеңейтүү ж. б. иштерди камтыган) жүзөгө ашырууда.