«МАНАС» АЭРОПОРТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«МАНАС» АЭРОПОРТУ - Борбордук Азиядагы мо­дернизацияланган эл аралык аэропорттордун бири, Ачык акционердик коому Бишкек шаарынан анча алыс эмес (23 км) түндүк-батышта деңиз деңгээлинен 637 м бийикте жай­гашкан. Долбоорун «Кыргызгипрокурулуш» дол­боорлоо институтунун коллективи иштеп чыккан. «Манас» аэропорту 1973-жылы курула баштап, 1974-жылы

пайда­ланууга берилген. 1993-жылы аэропорттун эл ара­лык сектору ишке киргизилип, 2001-жылы «Манас» эл аралык ачык акционердик коому түзүлгөн. Акционерлери: КРдин мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети (79,0533%) жана Кыргыз Республикасынын социалдык фонду (8,4635%). 2009-жылы «Манас» аэропорту эл аралык ICAO уюмунун эки аудити­нен өтүп, «4Е» белгисине ээ болуп, заманбап талаптарга ылайык, учурдагы дизайн менен кай­радан ондолду. Аба транспортунун дээрлик бар­дык түрүн күнү-түнү кабыл алат. Ошондой эле ал эл аралык аэропорттор кеңешинин (ACI (Airports Council International) мүчөсү. Саат алкагы: +6.0 СМТ (ИТС); +5/+6. Аэродромунун метеомини­муму 604800 м, перронунун аянты 242000 лг2. «Манас» аэропортунда жүргүнчүлөр үчүн дээрлик бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Аэропортто дүкөн, дарыкана, кафе, гезит-журналдар күркөсү, VIP жана бизнес залдар, банкоматтар, намазкана жана башкалар бар. Жүргүнчүлөр үчүн билеттер биринчи кабат­та жайгашкан авиокомпаниялардын кассала­рында жана башка жерлерде сатылат. Жүргүнчүлөрдүн жеке автомобилдери үчүн токтоочу жай бар. «Манас» аэропорту магистралдык жана бириктирүүчү рулетка түрүндөгү жолдорго, жүргүнчүлөр жана жүк пер­ронуна, алдынкы технол. каражаттарга ээ.

«Манас» аэропорту. Архитекторлор В. Ива­нов, А. Жуманалиев, А. Куделя, инженердик С.Лопатин.

Учурда аэропорт 16 авиакомпаниянын аба жол каттамдарын ишке ашырат. Аэропорттун Кыргызстанды дүйнөдөгү жүздөгөн өлкөлөр (Россия, Түркия, Улуу Британия, Түштүк Кытай жана башкалар) менен каттам аркылуу байланыштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Москва, Стамбул, Үрүмчү, Лондон, Пекин, Дубай, Астана жана башка шаарларга эл аралык аба каттамдары үзгүлтүксүз иштеп турат. Учурда «Манас» аэропорту жүргүнчү жана жүк ташуучу авиакомпа­ниялар менен жакшы алака түзүү максатында ке­лечектүү өнүгүү планын (жаңы учуп-конуу жол­дорун, жүргүнчүлөр терминалын кеңейтүү жана башка иштерди камтыган) жүзөгө ашырууда. 2025-жылдын 27-январында акционердик коом расмий түрдө «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коом болуп өзгөртүлгөн. Ал эми Бишкектин четиндеги башкы аба майдандын өзүнүн «Манас» эл аралык аэропорту деген аталышы сакталып калган. 2026-жылдын октябрь айында аэропорт капиталдык оңдоп-түзөөдөн жана кеңейтүүдөн кийин толук жаңыланып ишке кирди, ошондой эле Бишкектен аэропортко барчу жаңы жол пайдаланууга берилди.

Жаңыртылган «Манас» аэропорту