«МАНАС» АЭРОПОРТУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
«МАНАС» АЭРОПОРТУ - Борбордук Азиядагы модернизацияланган эл аралык аэропорттордун бири, ААК. Бишкек ш-нан анча алыс эмес (23 км) түндүк-батышта деңиз деңгээлинен 637 м бийикте жайгашкан. Долбоорун «Кыргызгипрокурулуш» долбоорлоо институтунун коллективи иштеп чыккан. «М.» а. 1973-жылы курула баштап, 1974-жылы пайдаланууга берилген. 1993-жылы аэропорттун эл аралык сектору ишке киргизилип, 2001-жылы «Манас» эл аралык ААК түзүлгөн. Акционерлери: КРдин мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети (79,0533%) жана КРдин социалдык фонду (8,4635%). 2009-жылы «М.» а. эл аралык 1САО уюмунун эки аудитинен өтүп, «4Е» белгисине ээ болуп, заманбап талаптарга ылайык, учурдагы дизайн менен кайрадан ондолду. Аба транспортунун дээрлик бардык түрүн күнү-түнү кабыл алат. Ошондой эле ал эл аралык аэропорттор кеңешинин (АС1 - Аагрог! СоипсП 1п1егпаПопа1) мүчөсү. Саат алкагы: +6.0 СМТ (ИТС); +5/+6. Аэродромунун метеоминимуму 604800 м, перронунун аянты 242000 лг2. «М.» а-нда жүргүнчүлөр үчүн дээрлик бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Аэропортто дүкөн, дарыкана, кафе, гезит-журналдар күркөсү, У1Р жана бизнес залдар, банкоматтар, намазкана ж. б. бар. Жүргүнчүлөр үчүн билеттер биринчи кабатта жайгашкан авиокомпаниялардын кассаларында ж. б. жерлерде сатылат. Жүргүнчүлөрдүн жеке автомобилдери үчүн токтоочу жай бар. «М.» а. магистралдык жана бириктирүүчү рулетка
түрүндөгү жолдорго, жүргүнчүлөр жана жүк перронуна, алдынкы технол. каражаттарга ээ. Учурда аэропорт 16 авиакомпаниянын аба жол каттамдарын ишке ашырат. Аэропорттун Кыргызстанды дүйнөдөгү жүздөгөн өлкөлөр (Россия, Түркия, Улуу Британия, Түштүк Кытай ж. б.) менен каттам аркылуу байланыштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Москва, Стамбул, Үрүмчү, Лондон, Пекин, Дубай, Астана ж. б. шаарларга эл аралык аба каттамдары үзгүлтүксүз иштеп турат. Учурда «М.» а. жүргүнчү жана жүк ташуучу авиакомпаниялар менен жакшы алака түзүү максатында келечектүү өнүгүү планын (жаңы учуп-конуу жолдорун, жүргүнчүлөр терминалын кеңейтүү ж. б. иштерди камтыган) жүзөгө ашырууда.
