МАЛЛИЦКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАЛЛИЦКИЙ Николай Гурьевич [30 (18). 9. 1873, Оренбург губерниясы, Дедово кыш. - 31. 10. 1947, Ташкент] - чыгыш таануучу, тарыхчы, географ, этнограф, археолог, фольклорист, лингвист. География илимдеринин доктору (1945). Өзбек ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1945). Оренбург эркектер гимназиясын (1891), СанктПетербург педагогикалык институтун (1895) бүтүргөн. Классикалык европалык (немис, француз, англис) жана чыгыш тилдерин (өзбек, араб, тажик ж. б.) билгенетикалык 1895-98-жылы Ташкентте мугалимдер семинариясынын жана эркектер гимназиясынын мугалими, 1901-06-жылы «Туркестанские ведомости» гезитинин башкы редактору, 1907-17-жылы Ташкент шаардык өзүн өзү башкаруу башкармалыгынын башчысы, 1918-20-жылы Элдик университетте, 1920-24-жылы, 1926-жылы Жогорку аскердик чыгыш таануу мектебинде окутуучу, 1924-жылдан 0. Азия мамлекеттик университетинде (САГУ) доцент, 1926-жылдан кызыл профессор, 1931-жылы түрмөгө камалып, Чымкентке сүргүнгө айдалган. 1934-жылы Ташкентке кайтып келип, САГУнун географиялык факультетинде профессор, Ташкенттеги Тажик мугалимдер институтунда окутуучу, Өзбек ССР ИАнын Тарых жана археология институтунда улук илимий кызматкер болуп иштеген. М. Археологияны сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин (ТКЛА), Орус географиялык коомунун (РГО) мүчөсү жана анын окумуштуу секретары (1899-1902), башкармалыгынын мүчөсү (1902- 06), төраганын орун басары (1906-18), төрагасы (1918-жылдан). М-дин негизги илимий кызыкчылыгы - география жана археология. Ал
Түркмөндөрдүн скиф-сарматтардан чыккандыгы жөнүндөгү гипотезанын автору; Орхон жазууларынын түрк уруу тамгалары менен байланышы бар деген идеяны биринчилерден болуп сунуш кылган.
Эмг.: 0 связи тюркских тамг с орхонскими письменами // ПТКЛА, год 3-й, Ташкент, 1897-1898. С. 43- 46; Несколько слов о древностях Узгента (историкоархеологическач справка)//ТКЛА, за второй год его деятельности. Таш., 1897, прил. к прот. от 16. X. 97. - С. 8-12. Ч. Жумагулов.