МАЛЛИЦКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛЛИЦКИЙ Николай Гурьевич [30 (18). 9. 1873, Оренбург губерниясы, Дедово кыш. - 31. 10. 1947, Ташкент] - чыгыш таануучу, тарых­чы, географ, этнограф, археолог, фольклорист, лингвист. География илимдеринин доктору (1945). Өзбек ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1945). Оренбург эркектер гимназиясын (1891), Санкт­Петербург педагогикалык институтун (1895) бүтүргөн. Класси­калык европалык (немис, француз, англис) жана чы­гыш тилдерин (өзбек, араб, тажик ж. б.) бил­генетикалык 1895-98-жылы Ташкентте мугалимдер семина­риясынын жана эркектер гимназиясынын муга­лими, 1901-06-жылы «Туркестанские ведомости» гезитинин башкы редактору, 1907-17-жылы Таш­кент шаардык өзүн өзү башкаруу башкармалы­гынын башчысы, 1918-20-жылы Элдик университетте, 1920-24-жылы, 1926-жылы Жогорку аскердик чыгыш таануу мектебинде окутуучу, 1924-жылдан 0. Азия мамлекеттик университетинде (САГУ) доцент, 1926-жыл­дан кызыл профессор, 1931-жылы түрмөгө камалып, Чымкентке сүргүнгө айдалган. 1934-жылы Ташкент­ке кайтып келип, САГУнун географиялык факультетинде профессор, Ташкенттеги Тажик мугалимдер институтун­да окутуучу, Өзбек ССР ИАнын Тарых жана ар­хеология институтунда улук илимий кызматкер болуп иштеген. М. Археологияны сүйүүчүлөрдүн Түрк­стан ийриминин (ТКЛА), Орус географиялык коомунун (РГО) мүчөсү жана анын окумуштуу секретары (1899-1902), башкармалыгынын мүчөсү (1902- 06), төраганын орун басары (1906-18), төрагасы (1918-жылдан). М-дин негизги илимий кызыкчылы­гы - география жана археология. Ал

Түркмөн­дөрдүн скиф-сарматтардан чыккандыгы жөнүндө­гү гипотезанын автору; Орхон жазууларынын түрк уруу тамгалары менен байланышы бар деген идеяны биринчилерден болуп сунуш кылган.

Эмг.: 0 связи тюркских тамг с орхонскими письме­нами // ПТКЛА, год 3-й, Ташкент, 1897-1898. С. 43- 46; Несколько слов о древностях Узгента (историко­археологическач справка)//ТКЛА, за второй год его деятельности. Таш., 1897, прил. к прот. от 16. X. 97. - С. 8-12. Ч. Жумагулов.