МАЙОЛИКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЙОЛИКА (Италиядагы Мальорка а-нын эски атынан) - кең мааниде - чоподон бышырылып жасалган түрдүү түстөгү глазурь жалатылган буюмдар. М. сүрөтүнүн көлөмдүүлүгү, боёгунун ачык, жалтырак жана бир-бирине өтө айкалышы менен өзгөчөлөнөт. М. Байыркы Чыгышта (Египет, Вавилония, Иран), о. кылымда Орто, Борбордук жана Алдынкы Азияда, ошондой эле Европанын айрым өлкөлөрүндө (Испания, Франция ж. б.) таралган. Россияда 17—18-к-да бул техника ценина, цениналык иштер деген наамды алып жүргөн. М. өндүрүшүнүн гүлдөп-өнүгүшү Батыш Европада 16—17-к-га, Россияда 17-18-к-га таандык жана анын начарлашы фарфор менен фаянстын пайда болушуна байланыштуу.