МАЙМЫЛДАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАЙМЫЛДАР (81ш1а жана АпйггороНеа) - сүт эмүүчүлөрдүн приматтар түркүмүндөгү түркүмчөсү. Алардын мээси чоң жана бырыштуу; манжалары кармоого ылайыктанган, жыт сезүү органдары - начар, көрүү жана угуу органдары жакшы өөрчүгөн. М. кең таноолуу жана тар таноолу М-га бөлүнөт. Кең таноолуу М. анча чоң эмес, узун куйруктуу, мурун көндөйүнүн тосмосу жазы келип, таноосу эки жакты карап тур'ат. Алар 2 тукумга (ойнооктор жана жармашкыч куйруктуулар) бөлүнөт. Түндүк Америкада жашайт. Тар таноолуу М-дын мурун көңдөйүнун тосмосу кууш болуп, таноолору төмөн карайт. Колунун бармагы башка манжаларына карама-каршы жайгашкан. Алар 4 тукумга (мартышка сымалдар, гиббондор, киши сымал маимылдар жана гоминиддер) бөлүнөт. Мартышка сымалдардын куйругу узун жана көчүгү чор, мээси анча чон эмес. Бул тукум 20дай урууну бириктирет.-Гиббондор даракта жашоочу орто чондуктагы М., колу узун, куйругу жок. Киши сымал М. татаал түзүлүштүү, куйругу жана көчүк чору жок. Буту, колу жакшы өөрчүгөн. Буга орангутан, шимпанзе,
горилла кирет. Аларда колунун баш бармагы кыскарып, бутунун бармагы, мимикалык булчуңдары жакшы өөрчүгөн. Тиши кишиникиндей, көбүнүн карыны жөнөкөй, бардык маймылда сокур ичеги бар. Алакан жана таманынын терисинде сезгич издери болот. Көпчүлүк М. топтошуп даракта жармашып жашайт. Кээ бири гана тиричилигин жерде өткөрөт. Өсүмдүк мөмөсү, жалбырагы, жаш бутагы, курт-кумурска, үлүл, куш жумурткасы жана майда куштар менен азыктанат. Кең таноолуу М. 5 ай, гиббондор - 210, киши сымал М. 235-275 күн көтөрүп, бир тууйт. Майда М. 3-5 жашында жыныстык жактан жетилип, 20-25 жыл жашайт. М. зоопарк жана лабор. үчүн кармалат. Биол. жана медициналык эксперимент үчүн объект катары чоң мааниге ээ.
