МАЙМЫЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙМЫЛДАР (81ш1а жана АпйггороНеа) - сүт эмүүчүлөрдүн приматтар түркүмүндөгү түркүм­чөсү. Алардын мээси чоң жана бырыштуу; ман­жалары кармоого ылайыктанган, жыт сезүү ор­гандары - начар, көрүү жана угуу органдары жак­шы өөрчүгөн. М. кең таноолуу жана тар таноолу М-га бөлүнөт. Кең таноолуу М. анча чоң эмес, узун куйруктуу, мурун көндөйүнүн тосмосу жазы ке­лип, таноосу эки жакты карап ту­р'ат. Алар 2 ту­кумга (ойнооктор жана жармашкыч куйруктуулар) бө­лүнөт. Түндүк Аме­рикада жашайт. Тар таноолуу М-дын мурун көң­дөйүнун тосмосу кууш болуп, та­ноолору төмөн ка­райт. Колунун бар­магы башка ман­жаларына кара­ма-каршы жай­гашкан. Алар 4 тукумга (мартыш­ка сымалдар, гиб­бондор, киши сымал маимылдар жана гоминид­дер) бөлүнөт. Мартышка сымалдардын куйругу узун жана көчүгү чор, мээси анча чон эмес. Бул тукум 20дай урууну бириктирет.-Гиббондор да­ракта жашоочу орто чондуктагы М., колу узун, куйругу жок. Киши сымал М. татаал түзүлүш­түү, куйругу жана көчүк чору жок. Буту, колу жакшы өөрчүгөн. Буга орангутан, шимпанзе,

Маймылдар: 1 диана маймылы; 2 - таз маймыл; 3 - чон тумшук маймыл.

горилла кирет. Аларда колунун баш бармагы кыскарып, бутунун бармагы, мимикалык бул­чуңдары жакшы өөрчүгөн. Тиши кишиникин­дей, көбүнүн карыны жөнөкөй, бардык маймыл­да сокур ичеги бар. Алакан жана таманынын те­рисинде сезгич издери болот. Көпчүлүк М. топ­тошуп даракта жармашып жашайт. Кээ бири гана тиричилигин жерде өткөрөт. Өсүмдүк мө­мөсү, жалбырагы, жаш бутагы, курт-кумурска, үлүл, куш жумурткасы жана майда куштар менен азыктанат. Кең таноолуу М. 5 ай, гиббондор - 210, киши сымал М. 235-275 күн көтөрүп, бир тууйт. Майда М. 3-5 жашында жыныстык жак­тан жетилип, 20-25 жыл жашайт. М. зоопарк жана лабор. үчүн кармалат. Биол. жана медициналык экс­перимент үчүн объект катары чоң мааниге ээ.