МАЙЛИН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАЙЛИН Бейимбет Жармагамбетович (15. 11. 1894, азыркы Костанай обл., Таран району - 26. 2. 1938, ошол эле жер) - казак жазуучусу. Казак адабиятына негиз салгандардын бири. Уфадагы «Галия» медресесинен окуган (1913-15). Чыгармалары 1913-жылдан жарыялана баштаган. Октябрь революциясына чейинки чыгармаларында казак элинин муң-зарын көрсөтөт. «Кедейге» (1922), «Айыл гүлдөсө - биз гүлдөйбүз» (1923), «Ленин өлдү» (1924), «Улуу күнкү улуу тилек» (1927) ыр жыйнактары бар. М. казак адабиятында поэма жанрын өнүктүрүүгө чон салым кошкон. «Байдын кызы» (1917), «Разия» (1919), «Качкын келинчек» (1921) ж. б. поэмаларын жазган. М. аңгеме жанрын өөрчүтүүгө да чон салым кошкон. Бу жанрдагы көлөмдүү чыгармасы - «Шуганын бейити» (1914) повести. «Коммунист Раушан» (1923), «Кырманда» (1933), «Берен» (1935), «Ашууларды ашканда» (1935) ж. б. повесттери, «Азамат Азаматович» (1934) романы бар. М. 25тей пьеса, либретто жазган. «Фронт»
(1933), «Амангелди» (1935), «Жалбыр» пьесаларынын да автору. М-дин кыргыздын туңгуч профессионал акын-жазуучуларына, асыресе М. Элебаевдин чыгармаларынын жаңычылдык багыт алышына тийгизген таасири чоң болгон.