МАЙЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙЛИН Бейимбет Жармагамбетович (15. 11. 1894, азыркы Костанай обл., Таран району - 26. 2. 1938, ошол эле жер) - казак жазуучусу. Казак адабиятына негиз салгандардын бири. Уфадагы «Га­лия» медресесинен окуган (1913-15). Чыгарма­лары 1913-жылдан жарыялана баштаган. Ок­тябрь революциясына чейинки чыгармаларында ка­зак элинин муң-зарын көрсөтөт. «Кедейге» (1922), «Айыл гүлдөсө - биз гүлдөйбүз» (1923), «Ленин өлдү» (1924), «Улуу күнкү улуу тилек» (1927) ыр жыйнактары бар. М. казак адабиятында поэма жанрын өнүктүрүүгө чон салым кошкон. «Байдын кызы» (1917), «Разия» (1919), «Кач­кын келинчек» (1921) ж. б. поэмаларын жаз­ган. М. аңгеме жанрын өөрчүтүүгө да чон салым кошкон. Бу жанрдагы көлөмдүү чыгармасы - «Шуганын бейити» (1914) повести. «Коммунист Раушан» (1923), «Кырманда» (1933), «Берен» (1935), «Ашууларды ашканда» (1935) ж. б. по­весттери, «Азамат Азаматович» (1934) романы бар. М. 25тей пьеса, либретто жазган. «Фронт»

(1933), «Амангелди» (1935), «Жалбыр» пьеса­ларынын да автору. М-дин кыргыздын туңгуч профессионал акын-жазуучуларына, асыресе М. Элебаевдин чыгармаларынын жаңычыл­дык багыт алышына тийгизген таасири чоң болгон.