МАВЛЯНОВ Абдурашид: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
3-сап: 3-сап:
<p>Даңк (1999) медалы <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> сыйланган. Аксы р-нунун Кербен ш-ндагы лицей жатак мектепке ысмы берилген (1994). 2008-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> Бишкектеги жа­шаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган. </p>
<p>Даңк (1999) медалы <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> сыйланган. Аксы р-нунун Кербен ш-ндагы лицей жатак мектепке ысмы берилген (1994). 2008-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> Бишкектеги жа­шаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган. </p>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАВЛЯНОВ Жунай (23. 10. 1923, азыркы Жа­лал-Абад обл., Аксы району, Кош-Дөбө айылы - 25. 11. 2003, Бишкек) - кыргыз совет жазуучу­су, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. мугалими (1973), Кыргыз эл жазуучусу (1994). Жалал-Абад педагогикалык окуу жа­йын (1942), мугалимдер ин­тун (1950), КМУну бүткөн (1952). 1942-44-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катыш­кан. 1941-42-ж. Афлатун, Ринжит айылдарынын же­ти жылдык мектептеринде, 1944-56-ж. Кош-Дөбөдөгү М. Горький атындагы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1963-66-ж. Кербендеги мек­теп-интернатта директор, 1966-71-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, 1971-88-ж. «Мугалимдер газетасынын» башкы редактору, 1995-96-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунун пред­седатели болуп иштеген. М. чыгармачылыгын 1948-жылы ыр жазуудан баштаган. 1960-жылы «Жүрөк» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. «Ар­кыт гүлдөрү» (1961), «Мөлтүр булак» (1963) ыр­лар жана поэмалар жыйнактарында туулган жер, сүйүү, эмгек, достук темасы чагылдырылган. Үч ыр жыйнагын чыгарган соң, М. биротоло кара сөз жазууга өтүп, согуштан кайткан жоокердин жекече трагедиясын баяндаган «Бекиш, сага эмне болду?» (1964), «Күтүү» (1966) повесть, аң­гемелерин жарыялаган. «Менин күндөлүгүм» (1967), «Келе, колунду» (1969), «Чагылган» (1972), «Нан» (1973), «Турмуш» (1979), «Эне» (1983), «Мен жана айылдаштарым» (1985) сыяк­туу аңгеме, повесттеринде адамдын ички ой-тую­мун таамай көркөм деталдар менен ачып берген. «Ачык асман» (1972), «Бийиктик» (1977), соңку «Кайрымсыз жылдар» (1995) романдарында не­гизинен согуш мезгилиндеги майдан менен оорук­та өткөн окуялар, элет адамдарынын башына түшкөн оор турмуш жагдайлары баяндалган. Анын «Ачык асман», «Бийиктик», «Жаңытаң» романдары, ангеме, повесттери, украин, бела­рус, татар, башкыр, якут, француз, немис, анг­лис, чех ж. б. тилдерге которулган. «Жалгыз бутактуу арча» повести боюнча телефильм (1966, реж. Д. Садырбаев) тартылган. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу, «Ар­дак Белгиси», II даражадагы Манас ордендери жана

Даңк (1999) медалы менен сыйланган. Аксы р-нунун Кербен ш-ндагы лицей жатак мектепке ысмы берилген (1994). 2008-жылы Бишкектеги жа­шаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.