МАВЛЯНОВ Абдурашид
МАВЛЯНОВ Жунай (23. 10. 1923, азыркы Жалал-Абад обл., Аксы району, Кош-Дөбө айылы - 25. 11. 2003, Бишкек) - кыргыз совет жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. мугалими (1973), Кыргыз эл жазуучусу (1994). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1942), мугалимдер интун (1950), КМУну бүткөн (1952). 1942-44-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-42-ж. Афлатун, Ринжит айылдарынын жети жылдык мектептеринде, 1944-56-ж. Кош-Дөбөдөгү М. Горький атындагы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1963-66-ж. Кербендеги мектеп-интернатта директор, 1966-71-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, 1971-88-ж. «Мугалимдер газетасынын» башкы редактору, 1995-96-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунун председатели болуп иштеген. М. чыгармачылыгын 1948-жылы ыр жазуудан баштаган. 1960-жылы «Жүрөк» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. «Аркыт гүлдөрү» (1961), «Мөлтүр булак» (1963) ырлар жана поэмалар жыйнактарында туулган жер, сүйүү, эмгек, достук темасы чагылдырылган. Үч ыр жыйнагын чыгарган соң, М. биротоло кара сөз жазууга өтүп, согуштан кайткан жоокердин жекече трагедиясын баяндаган «Бекиш, сага эмне болду?» (1964), «Күтүү» (1966) повесть, аңгемелерин жарыялаган. «Менин күндөлүгүм» (1967), «Келе, колунду» (1969), «Чагылган» (1972), «Нан» (1973), «Турмуш» (1979), «Эне» (1983), «Мен жана айылдаштарым» (1985) сыяктуу аңгеме, повесттеринде адамдын ички ой-туюмун таамай көркөм деталдар менен ачып берген. «Ачык асман» (1972), «Бийиктик» (1977), соңку «Кайрымсыз жылдар» (1995) романдарында негизинен согуш мезгилиндеги майдан менен оорукта өткөн окуялар, элет адамдарынын башына түшкөн оор турмуш жагдайлары баяндалган. Анын «Ачык асман», «Бийиктик», «Жаңытаң» романдары, ангеме, повесттери, украин, беларус, татар, башкыр, якут, француз, немис, англис, чех ж. б. тилдерге которулган. «Жалгыз бутактуу арча» повести боюнча телефильм (1966, реж. Д. Садырбаев) тартылган. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», II даражадагы Манас ордендери жана
Даңк (1999) медалы менен сыйланган. Аксы р-нунун Кербен ш-ндагы лицей жатак мектепке ысмы берилген (1994). 2008-жылы Бишкектеги жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.