«МААДАЙ КАРА»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 4-сап: | 4-сап: | ||
</p> | </p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
«МААДАЙ КАРА» - алтай элдеринин баатырдык эпосу. Алтайдагы эң чоң жана кеңири тараган ыр түрүндөгү жомоктордун бири. Анда элин жоодон коргогон Маадай Кара баатырдын жерине кан ичкич каардуу дөө Кара-Кула кол салып, эли-жерин басып алат, талап-тоноп, Маадай Караны баш кылып, далай баатырларын туткундап айдап кетет. Арадан жылдар өтүп, Маадай Каранын Алтай тоолоруна жашынып калган Көгүдей-Мерген деген баласы өсүп жетилет. Ал дөөдөн өч алууну көздөйт. Бирок КараКуланы жеңиш оңой эмес болчу. Анын жаны Үч-Аркар жылдызынын биринде болот. КөгүдейМерген акылмандан кеңеш сурап, Үч-Аркар аз эле убакытка жерге түшкөндө, анын бирин жебе менен атып, алтын кутудагы Кара-Куланын жана анын минген атынын жаны болгон бөдөнөнүн эки балапанын өлтүрөт. Ошентип, Көгүдей-Мерген Кара-Куланы жеңип, туткундагы элин эркиндикке чыгарат. Бул жомок белгилүү алтайлык жомокчу-айтуучу (кайчи) А. Г. Калкинден жазылып алынган.
Ад.: Эпос народов СССР. М., 1973. Ы. Кадыров.