«МААДАЙ КАРА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«МААДАЙ КАРА» - алтай элдеринин баатыр­дык эпосу. Алтайдагы эң чоң жана кеңири тара­ган ыр түрүндөгү жомоктордун бири. Анда элин жоодон коргогон Маадай Кара баатырдын же­рине кан ичкич каардуу дөө Кара-Кула кол са­лып, эли-жерин басып алат, талап-тоноп, Маа­дай Караны баш кылып, далай баатырларын туткундап айдап кетет. Арадан жылдар өтүп, Маадай Каранын Алтай тоолоруна жашынып калган Көгүдей-Мерген деген баласы өсүп жети­лет. Ал дөөдөн өч алууну көздөйт. Бирок Кара­Куланы жеңиш оңой эмес болчу. Анын жаны Үч-Аркар жылдызынын биринде болот. Көгүдей­Мерген акылмандан кеңеш сурап, Үч-Аркар аз эле убакытка жерге түшкөндө, анын бирин жебе менен атып, алтын кутудагы Кара-Куланын жана анын минген атынын жаны болгон бөдөнөнүн эки балапанын өлтүрөт. Ошентип, Көгүдей-Мер­ген Кара-Куланы жеңип, туткундагы элин эр­киндикке чыгарат. Бул жомок белгилүү алтай­лык жомокчу-айтуучу (кайчи) А. Г. Калкинден жазылып алынган.

Ад.: Эпос народов СССР. М., 1973. Ы. Кадыров.