ЛЬЯНОС-ОРИНОКО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛЬЯНОС-ОРИНОКО (Ыапов с!е1 Оппосо) - Түштүк Американын түндүк-чыгышындагы табигый аймак. Колумбия менен Венесуэлага карайт. Ориноко д-нын сол жээгинде; Анд тоолору, Гвиана
бөксө тоосу менен Гуавьяр д-нын (түштүгүндө) аралыгында жайгашкан. Узундугу 1400 км, жазылыгы 400 км. Түздүктүү рельеф басымдуу. Климаты субэкватордук, ысык, жайы нымдуу, кышы кургак (жылдык жаан-чачыны 1000-1600 мм). Саванна өсүмдүктөрү өсөт. Экстенсивдүү мал чарбасы (бодо мал) өнүккөн. Жүгөрү, шалы, гозо ж. б. айдалат.