ЛЬЯНОС-ОРИНОКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЬЯНОС-ОРИНОКО (Ыапов с!е1 Оппосо) - Түштүк Американын түндүк-чыгышындагы табигый ай­мак. Колумбия менен Венесуэлага карайт. Орино­ко д-нын сол жээгинде; Анд тоолору, Гвиана

бөксө тоосу менен Гуавьяр д-нын (түштүгүндө) ара­лыгында жайгашкан. Узундугу 1400 км, жазылыгы 400 км. Түздүктүү рельеф басымдуу. Климаты субэкватордук, ысык, жайы нымдуу, кышы кургак (жылдык жаан-чачыны 1000-1600 мм). Саванна өсүмдүктөрү өсөт. Экстенсивдүү мал чарбасы (бодо мал) өнүккөн. Жүгөрү, шалы, гозо ж. б. айдалат.