ЛХАСА КЕЛИШИМИ (1904): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛХАСА КЕЛИШИМИ (1904) - Улуу Британия Тибетке таңуулаган келишим. 1903-жылы Улуу Бри­тания Тибетке каршы куралдуу интервенция баштап, 1904-жылы 7-сентябрда Лхаса шаарында Улуу Британия өкмөтүнун өкүлдөрү менен Тибеттин ак сөөктөрү түзүшкөн. Ал боюнча Улуу Британия Ятунг, Гарток жана Гьянтзе шаарында бажысыз соо­да жургүзүү укугуна ээ болуп, Тибет бийлиги Бри­тания өкмөтүнүн макулдугусуз башка мамлекет­тин өкүлдөрүн киргизбөөгө тийиш болгон. Мын­дан тышкары Тибетке 500 миң фунт стерлинг контрибуция салынып, аны төлөмөйүн Чумби өрөөнү Англиянын оккупациясында калган.