ЛХАСА КЕЛИШИМИ (1904)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛХАСА КЕЛИШИМИ (1904) - Улуу Британия Тибетке таңуулаган келишим. 1903-жылы Улуу Британия Тибетке каршы куралдуу интервенция баштап, 1904-жылы 7-сентябрда Лхаса шаарында Улуу Британия өкмөтүнун өкүлдөрү менен Тибеттин ак сөөктөрү түзүшкөн. Ал боюнча Улуу Британия Ятунг, Гарток жана Гьянтзе шаарында бажысыз соода жургүзүү укугуна ээ болуп, Тибет бийлиги Британия өкмөтүнүн макулдугусуз башка мамлекеттин өкүлдөрүн киргизбөөгө тийиш болгон. Мындан тышкары Тибетке 500 миң фунт стерлинг контрибуция салынып, аны төлөмөйүн Чумби өрөөнү Англиянын оккупациясында калган.