ЛУ СИНЬ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛУ СИНЬ (өз аты-жөнү - Чжоу Шужень; 25. 9. 1881, Шаосин - 19. 10. 1936, Шанхай) - кытай жазуучусу, публицист жана адабиятчы, азыркы кытай адабиятын баштоочу. 1930-36-ж. Солчул кытай жазуучуларынын лигасын башкарган. Нанкинь тоо-т. ж. окуу жайын бүткөн (1902). Чыгармалары 1913-жылдан жарыялана баштаган. Л. С-дин 1918-жылы жазылган «Жиндинин күндөлүгү» (1918) аттуу аңгемеси менен жаңы кытай адабияты башталат. «Чакырык» (1923), «Адашуу» (1926), «Арам чөптөр» (1927), «Кайрылбас махабатым», «Ысык шамал» (1925), «Жасалгалуу жапкычтын астында» (1926), «Жалган эркиндик тууралуу китеп» (1933) ж. б. жыйнактардын автору. Л. С. марксчыл эстетиканы пропагандалоого, дүйнөлүк прогрессчил, асыресе орус жана совет адабиятын таратууга чоң салым кошкон. «Кытай баяндама прозасынын кыска тарыхы» (1923) эмгеги - улуттук адабияттын демокр. теги жөнүндөгү туңгуч саамалык. Л. С-дин эмгектери дүйнөнүн бир нече тилине которулган.