ЛУ СИНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУ СИНЬ (өз аты-жөнү - Чжоу Шужень; 25. 9. 1881, Шаосин - 19. 10. 1936, Шанхай) - кытай жазуучусу, публицист жана адабиятчы, азыр­кы кытай адабиятын баштоочу. 1930-36-ж. Солчул кытай жазуучуларынын лигасын башкарган. Нанкинь тоо-т. ж. окуу жайын бүткөн (1902). Чыгармалары 1913-жылдан жарыялана башта­ган. Л. С-дин 1918-жылы жазылган «Жиндинин күндөлүгү» (1918) аттуу аңгемеси менен жаңы кы­тай адабияты башталат. «Чакырык» (1923), «Ада­шуу» (1926), «Арам чөптөр» (1927), «Кайрылбас махабатым», «Ысык шамал» (1925), «Жасалга­луу жапкычтын астында» (1926), «Жалган эр­киндик тууралуу китеп» (1933) ж. б. жый­нактардын автору. Л. С. марксчыл эстетиканы пропагандалоого, дүйнөлүк прогрессчил, асыре­се орус жана совет адабиятын таратууга чоң салым кошкон. «Кытай баяндама прозасынын кыска тарыхы» (1923) эмгеги - улуттук адабияттын де­мокр. теги жөнүндөгү туңгуч саамалык. Л. С-дин эмгектери дүйнөнүн бир нече тилине кото­рулган.