ЛИЦЕНЗИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛИЦЕНЗИЯ (латынча НсепИа - уруксат, укук) - 1)экономикада - кандайдыр бир ишчараларды жүргүзүүгө уруксат берилишин тастыктаган документ (келишим); ойлоп-табуулар, техникалык жана коммерциялык сырлар патент менен корголгондугуна карабай, уюмдар менен физикалык жактардын кандайдыр бир иш-чараларына уруксат берүү. Лицензиар (лицензияны сатуучу) лицензиатка (лицензияны сатып алуучуга) Л-лык келишим боюнча коммерциялык негизде интеллектуалдык менчигин колдонууга укук берет. Л. 5 жылга берилет, бирок, көбүнчө келишимде өз ара макулдашуу боюнча Л-ны узартуу каралатынча 0. эле айрым келишимде Л-нын мөөнөтү бүтсө да, лицензиаттын андан ары продукцияны өндүрүү укугу каралат. Жарандардын укуктарына, мыйзамдуу кызыкчылыктарына, ден соолугуна, мамлекеттин коргонуу жана кооптуулук иш-чараларына, маданий мурасына кандайдыр бир деңгээлде залака келтире турган ишчаралар да Л-лоого жатат; 2)юридикадаадвокаттык иш жүргүзүүгө адвокатка укук берүүчү белгиленген үлгүдөгү документ Л. КР өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик орган (Юстиция министрлиги) тарабынан ыйгарылат.