ЛИЦЕНЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИЦЕНЗИЯ (латынча НсепИа - уруксат, укук) - 1)экономикада - кандайдыр бир иш­чараларды жүргүзүүгө уруксат берилишин тас­тыктаган документ (келишим); ойлоп-табуулар, техникалык жана коммерциялык сырлар патент менен кор­голгондугуна карабай, уюмдар менен физикалык жак­тардын кандайдыр бир иш-чараларына уруксат берүү. Лицензиар (лицензияны сатуучу) лицен­зиатка (лицензияны сатып алуучуга) Л-лык ке­лишим боюнча коммерциялык негизде интел­лектуалдык менчигин колдонууга укук берет. Л. 5 жылга берилет, бирок, көбүнчө келишим­де өз ара макулдашуу боюнча Л-ны узартуу кара­латынча 0. эле айрым келишимде Л-нын мөөнөтү бүтсө да, лицензиаттын андан ары продукция­ны өндүрүү укугу каралат. Жарандардын укук­тарына, мыйзамдуу кызыкчылыктарына, ден соолугуна, мамлекеттин коргонуу жана кооптуу­лук иш-чараларына, маданий мурасына кандай­дыр бир деңгээлде залака келтире турган иш­чаралар да Л-лоого жатат; 2)юридикада­адвокаттык иш жүргүзүүгө адвокатка укук берүүчү белгиленген үлгүдөгү документ Л. КР өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик орган (Юс­тиция министрлиги) тарабынан ыйгарылат.